Алайдагы сел жүргөн айылдарга ӨКМдин атайын тобу жөнөп кетти

Бүгүн саат 17:00дөр чамасында Терек айылында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Кырсыктан каза болгондор жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, министрликтин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү департаментинин эки кызматкери Ош облусунун Алай районунун айылдарына жөнөп кетишти. Министрликтен маалымдашкандай, алар андагы табигый кубулуштун кесепетинен жаралган кырдаалды көзөмөлдөө, маалыматты тактоо максатында барышат.
Бүгүн, 21-июнда, саат 17:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Алай районунун Терек айылында бир үйдүн ичине, төрт үйдүн короо-сарайларына сел кирип, кум-шагылга толтурган.
Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички жолдун жети чакырымын селдин калдыктары жаап, каттам токтотулган. Мындан сырткары, бир электр мамычасын сел агызып кеткен.
ӨКМден кошумчалашкандай, кырсыктан каза болгондор жок. Тазалоо иштерине айыл аймагынан бир жүктөгүч унаа, Жол тейлөө ишканасынан бир грейдер тартылды.
Боомго жакын жерде сел жүрдү. Видео