Ирандын курама командасы CAFA кубогунда биринчи жеңүүчү болду

Ташкентте 20-июнда CAFA Nation"s Cup финалы жана үчүнчү орун үчүн беттештер өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ирандын курама командасы CAFA Nation"s Cup турниринде (Борбор азиялык футбол ассоциациясы) биринчи жеңүүчү болду.
Финалда оюн тааласынын ээси болгон Өзбекстан командасын жеңип алды. Жалгыз голду Сардар Азмун таймаштын 48-мүнөтүндө киргизди.
Эске салсак, Ташкентте коло медаль үчүн да матч болду. Анда Кыргызстан бир гол менен омандыктарга жеңилип, төртүнчү орунду ээледи.
Кубок оюнуна эки топко бөлүнгөн жети команда катышты. А тайпасында: Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан, В тайпада: Кыргызстан, Иран жана Афганстан болду. Алардын таймашы Бишкек шаарында өттү. Регламент боюнча өздөрүнүн тобунда экинчи орунду ээлеген командалар матчта коло медаль үчүн ат салышты. Ал эми финалда тайпа лидерлери таймашты.
Эске салсак, 10-июнда Кыргызстандын футбол командасы афганстандык каршылаштарын 1:0 эсеби менен жеңген. Гол беттештин соңку мүнөттөрүндө киргизилген. Бул чечимден кийин атаандаш команда финалдык ышкырыкты күтпөй, машыктыруучунун чакырыгы менен оюн талаасын таштап чыгып кетишкен. Тренер мындай кадамга калыстарга болгон нааразылыгынан улам барды дешкен. Жыйынтыгында калыстар Афганстандын спортчуларын "Ак шумкарлар" 3:0 эсебинде жеңди деген бүтүмүн чыгарган.
13-июнда Иран командасы афганстандык каршылаштарын 6:1 эсеби менен жеңип алган. 16-июнда кыргызстандык оюнчулар Ирандын спортчуларына 1:5 эсебинде утулуп калган.
CAFA кубогу үчүн беттеште Кыргызстан командасы омандыктарга жеңилип калды