БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө электрондук соода ЕАЭБдин потенциалын жогорулатуу үчүн артыкчылыктуу багыт болуп эсептелинет. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ведомстводо "Транспорттук коридорлор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода жана транзиттик потенциалын ишке ашыруучу стратегиялык багыт катары" деп аталган тегерек стол өткөн.
"Биримдиктин ички өндүрүүчүлөрү электрондук соода аянтчаларына чыгышы үчүн бардык шартты түзүп, ачык-айкын "оюн эрежелерин" бекитип, электрондук соодага катышкан бардык тараптардын укугу менен кызыкчылыгын коргошубуз зарыл", — деди министр.
Кожошевдин айтымында, ЕАЭБде экономиканын аталган тармагын алдыга жылдыруу үчүн комплекстүү иштер аткарылып келет. 2021-жылдын ноябрында биримдик ичинде электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү боюнча Жол картасы иштелип чыккан. Анда нормативдик-укуктук база түзүү, товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоо чаралары эске алынган.
2022-жылы ЕАЭБ боюнча электрондук соода аркылуу сатуунун үлүшү жалпы көлөмдүн 7,8 пайызын түзгөнү белгиленди. Ал эми жалпы электрондук сооданын көлөмү 88 миллиард доллардан ашкан.