"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы бул жолу алты күн ойнотулат

Негизги иш-чара 1-июль күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейин "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи турун өткөрө турганын кабарлады.
Биринчи этаптын байге фондунда 1 183 баалуу байге: 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен бар.
26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын соцтармактагы баракчасынан түз эфирде 1 170 байге ойнотулат. Күн сайын 234 адам баалуу байгенин ээси болмокчу.
"Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болуп, анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө үч жолдомо ойнотулат. Оюн кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот. Аянтта көрүүчүлөрдү жагымдуу белектер күтөт", — деп айтылат маалыматта.
Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүү керек. Товарларды же кызматтарды сатып алган сайын фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылып, андан кийин аны тиркеме аркылуу сканерлөө кажет. Ар бир топтолгон 1000 сом үчүн 1 ID-номер ыйгарылат.
Радио
Ысабеков: ККМ кардарлардын укугун коргоого шарт түзөт