Радио

Үйдүн улуусу көп учурда түнт, коркок болот. Психологдун түшүндүрмөсү

Психолог Айдана Мадишова үй-бүлөдө биринчи баладан ата-эне көптү үмүт кыларын айтты.
Sputnik
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында көпчүлүк учурда үйдүн эң улуусу түнт жана коркок болору аныкталгандыгын Айдана Мадишова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелердин көбү кенже баласына көп жүк артпайт.
"Ата-эне баласына анын жакшы да, жаман да күндөрүндө жанында болорун айтып, ынандыруусу маанилүү. Бала үчүн ата-эненин колдоосу абдан керек. Ошондой эле балдардын мүнөзү, ийгилиги жана жоопкерчилиги үйдүн канчанчысы болгондугунан да көз каранды болуп калышы мүмкүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында көпчүлүк учурда үйдүн эң улуу баласы коркок жана түнт болору аныкталган. Бул нерсе көп үй-бүлөлөргө туура келет. Анткени ата-эне кийинки уул-кыздарына караганда биринчи баласынан көптү үмүт кылат. Ал эми үйдүн эң кичүүсү көп учурда мотивациясы жок эле аябай ийгиликтүү же ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн", — деди психолог.
Ал ата-эненин койгон өтө бийик талаптары баланын психологиясына зыян келтириши мүмкүндүгүн кошумчалады.