Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге берүү элдин бийликке болгон ишенимин жакшыртат. Мындай пикирин Замир Айылчыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрликтерде коррупция боюнча аталган кеңештин өкүлдөрү бар.
"Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш алгылыктуу жүрүүдө. Мамлекет жетекчиси бул багытта кардиналдуу кадамдарды жасап, президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңеш түзүлгөн. Анын негизги максаты — коррупциялык абалды мониторингдөө, талдоо жана баалоо. Учурда аталган кеңеш конкреттүү пландардын негизинде иш алып барууда. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, акы төлөнүүчү кызматтарды аутсорсингге берүү максатталып жатат. Мында жеке компаниялар мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, баасы төмөндөйт. Натыйжада элдин бийликке болгон ишеними артат", — деди Айылчыев.
Ошондой эле ал коррупцияга каршы ишкердик кеңеш 35 коомдук уюм менен иш алып барып жатканын кошумчалады.