БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31...+36, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын аймагында +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.