БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. ЖККУ мамлекеттери үчүн биринчи кезекте экономика багытында биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко уюмга мүчө-мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин жолугушуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бизге кысым жасаларын түшүнүшүбүз керек. Украинадагы жаңжал соңуна чыккан күндө деле бизди жайыбызга коюшпайт. Жалпы аракеттерибиздин планын иштеп чыгуу зарыл. Бул биринчи кезекте экономикага тиешелүү болушу керек. Бул план баарыбыздын башыбызды бириктиргидей болгону жакшы", — деди Лукашенко.
Беларусь лидеринин айтымында, бул пландын башкы максаттарынын бири импорттон көз карандылыкты жоюу болушу кажет. Лукашенко Минск менен Москва андай планды биргелешип даярдап, ишке ашыруу алдында турганын эске салды.
"Россия президенти менен чогуу планды ишке ашыруучу күндөн алыс эмеспиз. Өзүбүздү өзүбүз 90 пайызга болбосо да 80 пайызга камсыздайбыз. Башка жолубуз жок. Бирөөдөн жардам күтүп, келсе сүйүнүп, кетип калса күйүнүп отурганга убактыбыз тар", — деди Лукашенко.