Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина ТИМи канча берилсе да курал-жарак баары бир жетишсиз болорун айтты

Кулебанын айтымында, Киев учурда чабуул жасоо үчүн артиллериялык снаряд менен сооттолгон техникага муктаж. Анткен менен жардам күн сайын келип жатканы да белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жаңжал бүтмөйүнчө канча берилсе да курал-жарак баары бир жетишсиз болорун билдирди. Бул тууралу аткаминердин жергиликтүү каналдын бирине берген маегине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Биз качан жеңишке жеткенде гана курал жетиштүү болду деп айта алам. Ага чейин канча берсе да жетишсиз боло берет, анткени жеңиш келбегенден кийин, демек, жардам тийиштүү көлөмдө берилген эмес", — деди ал.
Кулебанын айтымында, Киев учурда чабуул жасоо үчүн артиллериялык снаряд менен сооттолгон техникага муктаж. Анткен менен жардам күн сайын келип жатканы да белгиленди.
НАТО саммитинен күткөн жыйынтык тууралуу айтып жатып чиновник Киевге альянска мүчө болуп кирүү үчүн реалдуу кадамдар керек экенин кошумчалады.
Ал эми НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг буга чейин блокко кирген мамлекеттер Вильнюста өтө турган июль саммитин даярдап жатып Украинанын мүчө катары чакырылышы боюнча маселени карабагандыгын айткан. Баш катчы НАТО мамлекеттеринин көбүндө курал-жарак запасы аягына чыкканын белгилеген.
Россия былтыр жазда эле НАТО өлкөлөрүнө Украинага курал-жарак жөнөтүлүшүнөн улам нота жөнөткөн. Москва Киев үчүн деп курал жүктөлгөн транспорттун бардык түрү россиялык армия үчүн мыйзамдуу бута болорун бир нече ирет эскерткен болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШнын Конгрессинде Киевге берилчү жардамды кыскартуу сунушталууда