Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Украина Крымга Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну пландап жатат

Шойгу ракеталар атайын операциянын аймагынан тышкары жакта колдонула турган болсо жооп катары дароо сокку уруларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Spytnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын аймагына HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну пландап жатат. Бул тууралуу РФтин коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздеги маалыматтар боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү Россия Федерациясынын аймагына, Крымга дагы "Хаймарс" жана "Сторм Шэдоу" ракеталары менен сокку урууну пландап жатат", — деди Шойгу Коргоо министрлигинин коллегиясында.
Ал эгер ракеталар атайын операциянын аймагынан тышкары жакта колдонула турган болсо, жооп катары дароо сокку уруларын белгиледи.
"Бул ракеталарды атайын операция жүрүп жаткан аймактан тышкары жакта колдонуу АКШ менен Улуу Британияны толук кандуу жаңжалга тартуу катары бааланып, Украинанын аймагындагы чечим кабыл алынган борбордук бөлүктөрүнө дароо сокку урулат", — деди Шойгу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШнын Конгрессинде Киевге берилчү жардамды кыскартуу сунушталууда