Шопоков шаарындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Сүрөт

Өрттүн кесепетинен төрт адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чүйдүн Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагындагы нефть базасынан чыккан өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМден кабарлашты.
1 / 2

Чүйдүн Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагындагы нефть базасынан чыккан өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМден кабарлашты

2 / 2

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден жалпы күжүрмөн сегиз бригада чыккан.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден жалпы күжүрмөн сегиз бригада чыккан. Ошондой эле Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББдин ыкчам тобу келген.
Мындан сырткары, "Кыргыз темир жолу" ишканасынан өрт өчүрүүчү бир поезд, 103 кызматынан үч тез жардам бригадасы иштеген.
Өрттүн кесепетинен төрт адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.
Шопоковдогу нефть базасынан чыккан өрт. Дрондон тартылган видео