Шопоковдогу мунай базасындагы жарылуудан 4 адам жабыркады

Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Шопоков шаарындагы мунай базада болгон жарылуудан, алдын ала маалымат боюнча, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу Тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жеткирилген.
Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда). Жабырлануучуларга керектүү дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.
Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде 3 тез жардам бригадасы иштеп жатат.
Өрттүн асмандан тартылган видеосун шилтемеден көрүңүз.
Бишкектин четинде ири өрт чыкты. Видео