Төрт мамлекет РФтин тышкы соодасында Европа биримдигинин ордун басты

Давыдов бирок Германия РФтин алдыңкы 10 соода өнөктөшүнүн катарынан түшпөгөнүн кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кытай, Индия, Түркия жана Азербайжан Россиянын тышкы соодасында Европа биримдигинин ордун басты. Бул тууралуу Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов Петербург эл аралык экономика форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Кытай менен болгон соода жүгүртүү быйыл 200 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
"Кытай абдан өсүп жатат. Биздин мамлекеттердин лидерлеринин соода жүгүртүүнү 200 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы катаклизм болуп кетпесе эле быйыл ишке ашат", — деди Давыдов.
Мындан тышкары, Индия, Түркия, Азербайжан менен соода алака катуу өсүп жатканы белгиленди.
"Бул мамлекеттер Европа менен соода алаканын ордун басты. Түштүк жана чыгыш багыттары активдүү өнүгүүдө", — деди ал.
Давыдов бирок Германия РФтин алдыңкы 10 соода өнөктөшүнүн катарынан түшпөгөнүн кошумчалады.
Россия менен Европа биримдигинин соода жүгүртүүсү соңку сегиз жылда эң көп дегенде 258,6 миллиард еврону түзгөнүн РИА Новости 2022-жылы Евростаттын маалыматтарына таянып эсептеп чыккан.
Путин: Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат