Пресс-борбор

Россиялык компания Көлдө электр станциясынын курулушуна инвестор болот

Долбоор күндүн энергиясын өндүрүү үчүн жогорку технологиялык продукцияларды жана кызматтарды илгерилетүүгө багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиялык "Юнигрин Энержи" компаниясы Ысык-Көлдө күн электр станциясын курууга инвестор болот. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыш башкармалыгынын жетекчиси Асел Бегматова билдирди.
Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыш башкармалыгынын жетекчиси Асел Бегматова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан менен Россиянын экономика министрлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы" аттуу брифингде сүйлөгөн.
"2022-жылдын 8-октябрында Россия — Кыргызстандын ортосундагы болгон форумдун алкагында "Юнигрин Энержи" мамлекеттик компаниясы менен "Бишкек Солар" ЖЧКсы Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВтка чукул күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу ниетинде макулдашууга кол коюшту. "Юнигрин Энержи" долбоордун инвестору жана курулуштун башкы подрядчысы болуу ниетин бекемдеди. Инвестиция 300 миллион доллар көлөмүндө болот деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинде курулуштун башталышына арналган эстелик капсуласын салуу салтанаты болду", – деп айтып берди Бегматова.
Анын маалыматына караганда, долбоорду 2023-2025-жылдары этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашмакчы.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Россиянын экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетниковдун Санкт-Петербургдагы жакында болгон сүйлөшүүсүндө мындан башка дагы актуалдуу делген долбоорлор талкууланган. Маселен, алдын ала эсептөөлөр боюнча курулуш баасы 300 млн. долларга чыга турган Төө-Ашуудагы альтернативалуу тоннелдин курулушу тууралуу сөз болгон.
Пресс-борбор
Жалал-Абадда Кыргыз-Россия региондор аралык конференция өтөт