Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды

Колго түшүрүлгөндөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. УКМК мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М. жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын кабарлады.
Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча "Кумтөр голд компани" ЖАКсы тарабынан бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланып коррупциялык схема уюштурган деп министрликтин кызмат адамдарына жана "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" жооптуу кызматкерлерине карата козголгону айтылат.
"15-июнда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган К.Т.К. "Ак-Жол" пунктунан кармалды. Үч күндөн кийин эксперттик комиссиянын катчысы И.Б.М. "Манас" эл аралык аэропортунан колго түшүрүлдү. Булар акча каражатын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду киргизип турушкан, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъектилерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражат мыйзамсыз бөлүнүп, эсептен чыгарылган", — деп айтылат кабарда.
Атайын кызмат Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде К.Т.К. жана И.Б.М. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдады. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Энергетика министринин орун басары, "Кыргыз көмүрдүн" коммерциялык директору кармалды