БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу түрдө мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди.
Бул тууралуу расмий жарыяланган эмес. Бирок президент кол койгон мыйзам өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитине 9-июнда жарыяланды. Эми жарандар мыйзамсыз байыса дагы өз мүлкүн декларациялай алат. Мамлекет алардын байлыгы кайдан келгенин сурап изине түшпөй турганына кепилдик берет.
Мыйзам долбоор 2022-жылдын март айында демилгеленген. Ал эми парламент өткөн жылдын июнь айында карай баштап, 2023-жылдын майында кабыл алган.
Демилге коомчулуктун бир бөлүгү жана айрым депутаттар тарабынан катуу сынга алынган. Алар коррупционерлер уурдалган мүлкүн мыйзамдаштырып алат деп кооптонушкан. Бийлик болсо бул нерсе көмүскө экономика менен күрөшүүгө жардам берет деп эсептейт.
Ошол кезде президент Садыр Жапаров жаңы мыйзамдын максаты кандай экенин түшүндүрүп берген.
"Өлкөдө 200дөн ашык миллионер жана миллиардер бар. Бирок алар акчасын чет элдик банктарда сакташат. Алар башка өлкөлөрдө миллиондогон, миллиардаган долларга завод, фабрика куруп жатышат. Мыйзамдын максаты — бул акчаларды мыйзамдаштырып, кыргызстандык банктарда сактоо. Банктар киреше табат. Эгер биздин өлкөдө завод, фабрикалар курулса, жумушчу орундар пайда болот. Салык бизге төлөнөт. Максат ушундай. Колдоп жатат дегидей бул байлардын арасында менин досторум, туугандарым жок", — деген президент.