Кыргызстанда инфляция ылдамдады. ЕАӨБдүн божомолу

Баалардын жогорулашына электр энергиясынын тарифинин өсүшү себеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда май айында инфляция 11,3 пайызга ылдамдаганын (апрелде 10,7%) Евразия өнүктүрүү банкы билдирди.
"Бул электр энергиясынын тарифинин жогорулашына байланыштуу болууда. Анын арты менен майда кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы 12,1 пайызга (апрелде 10,3 % болчу) өстү. Мындан тышкары, азык-түлүккө кирбеген товарлар 12,9 пайызга жогорулады (апрелде 11% болчу)", — деп айтылат ЕАӨБдүн жылдык маалыматында.
Муну менен катар Кыргызстанда тамак-ашка болгон баа төмөндөдү.
"Биз инфляция төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Божомолубузга караганда, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 7 пайызды түзөт", — дешти банктын аналитиктери.
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын жаңы тарифи күчүнө кирди. Ага ылайык, 700 киловатт-сааттан ашканда жарандар 77 тыйындын ордуна 1 сомдон төлөйт.
Борбордук банктын жетекчиси инфляция боюнча божомолдорду айтты