Пресс-борбор

Жалал-Абадда Кыргыз-Россия региондор аралык конференция өтөт

Иш-чара РФ лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга пландалган сапарынын алдында болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Күзүндө Кыргызстанда Кыргыз-Россия региондор аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыш башкармалыгынын жетекчиси Асел Бегматова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан менен Россиянын экономика министрлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы" аттуу брифингде сүйлөгөн.
Кыргызстан менен Россия аталган конференцияны эки өлкөнүн региондорун жакындаштыруу жана кызматташууну өнүктүрүү максатында жыл сайын өткөрүп келет.
"Быйыл конференцияны күз айларында Владимир Путиндин сапарынын алдында Жалал-Абад шаарында өткөрүүнү пландап жатабыз. Кызыктуу болот, конференциянын алкагында бир катар панелдик жыйындар мерчемделген. Негизги тема — өнөр жай кооперациясы. Конференция эки өлкөнүн экономика министрликтери жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулууда", — деди Бегматова.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Майлы-Суу лампа заводу" жана "Кыргыз нефтегаз" ишканаларын кыдыруу каралган.
Буга чейин Бишкекте октябрь айында КМШ мамлекеттеринин өлкө башчылары менен өкмөт жетекчилеринин жыйыны өтөрү айтылган. 12-13-октябрда Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн президенттери катышкан саммит өтөт, ал эми премьерлердин жыйыны 27-октябрга белгиленген. Быйыл Кыргызстан КМШда төрагалык милдетти аркалоодо.
Кыргызстан менен Россия лыжа кластерин кура турган ишкана түзөт. Видео