Радио

Сарыбаев: дүйнөдөгү геосаясий абал экономиканын багытын өзгөртүп жатат

Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев ушу тапта капитализм оор кризисти башынан кечирип жатканын айтты.
Sputnik
Европа биримдиги Орто Азия өлкөлөрүнө санкция киргизип жатат. Кыргызстан суверендүү, көз карандысыз мамлекет болгондуктан эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдөгү геосаясий абал экономиканын багытын өзгөртүп, белгисиз жана кооптуу жолго түртүүдө.
"Дүйнөдөгү геосаясий абал экономиканын багытын өзгөртүп жатканына күбө болуудабыз. Аскердик техника, жаратылыш кен байлыктары, эл аралык валюта рыногу жаатында чоң маселе бар. Бүгүнкү күндө капитализм терең кризисти башынан кечирүүдө. Европа биримдиги Орто Азия өлкөлөрүнө санкция киргизип жатат. Кыргызстан суверендүү, көз карандысыз мамлекет болгондуктан биз эч кимге эч нерсе милдеттүү эмеспиз. Өлкө ичиндеги саясий иштерди өзүбүз чечебиз. Мына, жакында АКШдан, Европа биримдигинен өкүлдөр келишти. Алардын көздөгөнү жакшылыкка алып барбайт", — деди Сарыбаев.
Ошондой эле адис Кыргызстан экономикалык байланышты Россия, Казакстан, Кытай, Түркия жана Өзбекстан менен улантарын кошумчалады.