Бишкектеги суу көйгөйү. Депутат мэриянын аткаминерлерине иш козгоону сунуштады

Эл өкүлү борбор калаада акактаткан ысыкта эл кабылган кырдаал шалаакылыктан улам жаралды деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкектеги аткаминерлерге кылмыш ишин козгоо боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев көтөрүп чыкты.
Бүгүн Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында элди ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштерден маалымат алды.
Эл өкүлү сүйлөп жатып мэриянын аткаминерлерине ишиндеги шалаакылык үчүн кылмыш ишин козгоо туурасында айтты.
"Дароо эле түшүп кетпейт да, алар суунун деңгээлин карап турушу керек эле. Саясатчыларды уккандан көрө аларга иш козгогула, себеби миллион калкы бар шаар суусуз калды. Эч ким билбей калдыбы? Бул — шалаакылык, ушул берене менен иш козгоо керек", — деген Масалиев.
Мындан улам 2023-жылдын 7-июнунда Бишкектин түштүк-батыш тарабында Арча-Бешик конушунун жашоочулары нааразы болуп жолду тосуп алышкан. Андан кийин конуштун тургундарына "Тазалык" муниципалдык ишканасы суу ташып берген. Учурда бир катар конуштарга маал-маалы менен бензовоздоп суу жеткирүү уланууда.
Вице-мэр бир жылда Бишкекте суу көйгөйү жоюларын айтты, бирок бир шарты бар