БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Боомго кире берген жерде (Бишкек шаарынан бара жаткан багыт) сел жүрдү.
ӨКМ мурдараак Кыргызстандын тоолуу райондорунун ичинен үчөөндө сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.
Бул Боомдо болуп жаткан биринчи учур эмес. Нөшөрлөп жамгыр жаагандан кийин аталган капчыгайдагы жолду сел каптаган учурлар кездешип келет.