Бишкек менен Чүйдө 21-23-июнь күндөрү жолдор маал-маалы менен жабылат. Тизме

ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийүүгө, эрежелерди сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Буга Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапар менен келиши себеп болууда.
Чектөө кире турган жолдор:
"Манас" эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.
Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек