Лавров: Батыш дүйнөлүк үстөмдүгүнө ЖККУ коркунуч жаратат деп коркот

Жыйындын катышуучулары бир ооздон Батыштын кысымына каршылык көрсөтүп, тилектештикти бекемдөө менен союздаштыктын милдеттенмелерин толук аткаруу зарылдыгын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Батыш Жамааттык коопсуздук келишими уюмун эл аралык аренадагы үстөмдүгүнө коркунуч жаратат деп эсептеп, БРИКС менен ШКУну бөлүп-жаруу сыяктуу эле ЖККУнун да мүчөлөрүн араздаштырууну көздөп келет. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Беларуста ЖККУ тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. Анын жыйынтыгы менен Лавров журналисттердин суроолоруна жооп берген.
"Биз ЖККУну Батыш Шанхай кызматташтык уюму жана БРИКС сыяктуу эле эл аралык аренадагы үстөмдүгүнө доо кетирчү уюм катары кабылдап жатканын белгиледик. Бул багыттан алып караганда, Батыш өзүнөн көз каранды болбогон ЖККУ сыяктуу уюмдардын баарында мүчө-мамлекеттерди араздаштырууга катуу аракет көрүп жатканына да күбөбүз. Ыплас кадамдарды да жасап жатышат", — деди Лавров.
Дипломат Беларусь президенти Александр Лукашенко менен бир жарым сааттык жолугушуу өткөрүп, ЖККУнун мындан аркы кадамдарын аныктаган дүйнөдөгү абал боюнча өз көз карашын ортого салганын билдирди. Лавровдун айтымында, жыйындын катышуучулары бир ооздон Батыштын кысымына каршылык көрсөтүп, тилектештикти бекемдөө менен союздаштыктын милдеттенмелерин толук аткаруу зарылдыгын белгилешкен.
"Беларусь президенти ушу таптагы кырдаал союздаштык милдетти гана аткарып тим болбостон прагматикалык кызыкчылыкты да көздөөнү талап кылып жатканына токтолду. Анткени бардыгыбыз ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ өңдүү уюмдардын алкагында күн кечиребиз, көйгөйүбүз да бир, чече турган да өзүбүзбүз. Бири-бирибизсиз алыс узай албайбыз", — деди Лавров.
Лукашенко ЖККУнун экономика боюнча планын иштеп чыгууну сунуштады