Радио

Жеңилдетилген насыя 6 341 фермерге берилди. Министрликтин маалыматы

Айыл чарба министрлигинин финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков дыйкандарды каржылоо тартибин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Фермерлерге 2 миллиард 856 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Улан Намазбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маектин толук версиясын аудиодон угуңуз.
Анын айтымында, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү болуп, эки багытта иш жүрүүдө.
"Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоору боюнча РСК жана "Айыл банк" аркылуу жалпы суммасы 2 миллиард 856 миллион сомдук 6 341 насыя таратылды. Мунун көпчүлүгү, тактап айтканда, 75 пайыздайы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды. Анткени буга чейинки мониторинг калктын басымдуу бөлүгү мал өстүрүүгө насыя алары белгилүү болгон. Кредит алты пайыздык чен менен 36 айдан 60 айга чейин берилет. Ошондой эле 500 миң сомдон өйдө күрөө коюлат. Мындан тышкары, алты айга каникул мөөнөт каралаган. Насыя банктын ички талаптарына ылайык берилет. Анткени тобокелчиликтерди банктар өздөрүнө алууда. Ушундан улам айрым шарттар коюлууда. Алсак, фермер өсүмдүк өстүрүүгө насыя ала турган болсо, ижарага алынган же менчик жери болушу шарт. Мал алууну пландап жатса аны бага турган сарайы болушу керек. Буга чейинки долбоордун алкагында 4 миллиард 700 миллион сомго 8 370 насыя берилген. Анда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү дагы каралган эле. Быйыл ал өзүнчө долбоор менен каржыланууда. Өлкөдө жалпы 450-470 миңге чейин чарба бар. Ошондуктан каражат баарына жетпейт", — деди Намазбеков.
Ал насыя берүүдө банктар фермердин насыялык тарыхын эске аларын кошумчалады.