Путиндин Зеленскийдин теги тууралуу айткан сөзүнө Израиль комментарий бербейт

Путин Петербург эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, анын еврей достору Зеленскийди жалпы еврей элин уят кылган адам катары сыпатташарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Израилдин Тышкы иштер министрлиги Россия президенти Владимир Путиндин Украина жетекчиси Владимир Зеленскийдин теги еврей экенин айткан сөзүнө комментарий бербейт. Бул тууралуу РИА Новости Израиль ТИМинин расмий өкүлү Лиор Хайятка таянуу менен жазды.
Жума күнү Путин Петербург эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, анын еврей достору Зеленскийди жалпы еврей элин уят кылган адам катары сыпатташарын айткан. РФ лидери Киев режими Адольф Гитлердин жолун жолдогон неонацистти такка отургузганын сөз кылган болчу.
Украинанын Израилдеги элчиси Евгений Корнийчук жергиликтүү I24News каналына Киев Тель-Авивден Путиндин сөзүн расмий сынга алуусун күтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, сындап чыгуудан баш тартуу бүгүн Тель-Авивге келери пландалып жаткан Зеленскийдин жубайынын сапарын жылдырып же таптакыр үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
"Азыркы тапта Израиль ТИМи бул темага кандайдыр бир комментарий берүүнү ойлонуштурган жок", — деген мекеменин расмий өкүлү Лиор Хайят.
Израилдин премьер-министринин канцеляриясы РИА Новостинин тиешелүү сурамын өлкө ТИМине жөнөтүүнү сунуштап, азырынча кырдаалга комментарий берүү планда жок экенин белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Украинаны демилитаризациялоо тапшырмасы аткарылды