Атым 200 миң долларга да берилбейт! Убагында араба түртүп иштеген саяпкердин маеги

Каримбек Кадыркулов күлүк, жорго таптоо менен алектенет. Саяпкер асыл тукум жылкыларды багып келет.
Sputnik
Ал Sputnik маалымат агенттигинин тартуучу тобун сарайына чакырып, андагы сүйүктүү аттары менен тааныштырды. Саяпкердин айтымында, ал аттары менен күн сайын беш мүнөттөн сүйлөшүп турат.

"Айрыкча улак оюну алдында сен мыктысың, буюрса улакта өзүңдү көрсөтөсүң деп дух берип турам. Аттарды урганга болбойт. Эгер себепсиз уруп койсоң, акыры бир күнү өчүн алат", — деди ал.

Ал ошондой эле аттары таза кандуу, сейрек түстүү, жалы аз, буту жоон, моюн омурткасы узун болуп, башында көп эти жоктугу менен айырмаланарын кошумчалады.
Каримбек Кадыркулов аттарынан сырткары жеке жашоосу тууралуу да айтып өттү. Ал мектепти аяктап, шаарга жаңы келгенде "Ош" базарында араба түртүп иштеп, эки бөлкө нанга бактылуу болгон күндөрүн эскерди.