БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Бишкек — Ош жолу өткөн Суусамыр өрөөнүндөгү жылкыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмаларды тагып жатышат. Бул туурасында ЖКККББнын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Бул кан жолдо кетип бара жатканда айдоочулардын жылкыларды алыстан байкашына жардамчы болуп, автокырсыкка кабылуунун, аларды сүзүп кетүүнүн алдын алат.
Жарыкты чагылдыруучу тасмаларды жол милициясынын өкүлдөрү желенин башына барып, мал ээси менен кошо тагышкан.
ЖКККББнын Чүй облустук бөлүмү мал ээлеринен мал, жандыктарды кароосуз калтырбоону суранышты.