Столтенберг: НАТО өлкөлөрүнүн аскер кампаларындагы запастар түгөнүп жатат

Уюмдун башкы катчысы бул маселе буга чейин өткөн аптада мамлекеттик коргоо министрликтеринин жетекчилеринин жыйынында талкууланганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. - Sputnik. Көптөгөн НАТО өлкөлөрүндө курал-жарак жана ок-дарынын запасы түгөнүп калганын жана аларды толуктоо керектигин уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Германиядагы өнөр жай форумунда билдирди.

"Бизге ишенимдүү коргонуу өнөр жайы керек. Курал-жарак жана ок-дарыбыздын запастары түгөнүп калды, аларды толуктоо керек. Германияда гана эмес, НАТОнун көптөгөн өлкөлөрүндө ошондой абал", - деп билдирет РИА Новости анын сөзүнө шилтеме берип.

НАТОнун баш катчысы бул тема өткөн жума күнү блокко кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынында талкууланганын эске салды. Анын айтымында, альянстын коргоо министрликтеринин жетекчилеринин 16-июндагы жыйынынын жыйынтыгында министрлер коргонуу өндүрүшүн көбөйтүү зарылчылыгы боюнча бир пикирге келишкен.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Россия буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
WP: Украинанын контрчабуулдарда ийгиликке жетиши арсар