"Тазалыктын" башчысы Октябрь районун таштандыдан тазалоого 10 күн убакыт сурады

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкектин Октябрь районунда үйүлгөн таштандыны чыгарып кетүүгө 10 күндүк мөөнөт сурады.
Мэрия жакында эле "БишкекВторРесурс" жеке компаниясы менен түзүлгөн келишимди токтотуп, районду "Тазалык" тейлей баштаган.
Алиевдин айтымында, акыр-чикирди тазалоонун жаңы графигине ыңгайлашуу үчүн убакыт керек. Ал кызматкерлер күнү-түнү иштегенине карабай баары бир жетишпей жатканына кейиген.
"Октябрь районунун тургундарынан кечирим сурайм. Мага убакыт бериңиздер", — деди жетекчи.
Алиев таштанды чыгаруучу график түзүп, айдоочу, жүк ташуучуларды жумушка алып, бюджетти ылайыкташтырышы керектигин белгилеген.
"Тазалык" жаңы таштанды контейнерлерин жасады. Сүрөт