Жаш кыргызстандыктардын Москвадагы ийгилиги

Балдар Россиянын тарыхы жана маданияты боюнча билимдерин сынашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Москва шаарында жаш мекендештердин дүйнөлүк VII оюндары аяктап, Кыргызстандын спортчуларынын байге куржунуна бир алтын, бир коло медаль түштү. Бул туурасында Бишкектеги Русский дом билдирди.
Кыргызстандын жаш волейболчуларынын ийгилиги медаль алып келди. Командага үч улан жана үч кыз кирген. Ал эми Аймончок Жунусбекова шахмат турниринде коло байгени камсыздады. Аарон Пак биринчи ондукка кошулду.
1 / 3

Ал эми Аймончок Жунусбекова шахмат турниринде коло байгени камсыздады

2 / 3

Аарон Пак биринчи ондукка кошулду

3 / 3

Кыргызстандан барган баскетболчулар жыйырма команданын ичинен алтынчы орунду ээлеген

Кыргызстандан барган баскетболчулар жыйырма команданын ичинен алтынчы орунду ээлеген.
Пушкин атындагы мамлекеттик институттун ыктыярчылары өткөрүп келген "Диалоги на русском языке" билим берүү, агартуу программасына бардык спортчулар катышкан. Балдар Россиянын тарыхы жана маданияты боюнча билимдерин сынашкан. Алар үчүн зериктирбей турган, маалымат көп камтылган маданий экскурсиялык программа каралган.
Аталган оюндарды Россиянын Спорт министрлиги, Россотрудничество жана Мектеп спорту боюнча Бүткүл россиялык федерация уюштурган. Быйыл бул иш-чарага 12-14 жаштагы эки жүзгө чукул бала катышкан.
Романстарды аткарган жаш ырчылардын сынагы Бишкекте өтөт. Убактысы