БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 19-24-июнь күндөрү Ысык-Көл жээгинде алгачкы жолу өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Анда айтылгандай, лагерге катышуучулар 2022-2023-окуу жылында сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын, маданият чөйрөсүндөгү эл аралык конкурстарда алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин арасынан тандалып алынган.
Эс алууга жалпысынан 135 бала топтолду. Алар: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайынын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери. Мындан тышкары, Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында жашап окуган окуучулар жана аймактардагы балдар музыкалык, искусство мектептеринин окуучулары.
Лагердин программасына ылайык, "Мен – кыргыз жараны" концепциясынын алкагында интеллектуалдык оюндар уюштурулат. Ошондой эле "Китеп дүйнөсүнө саякат: Айтматов жана мен" темасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу таймаштары өткөрүлөт. "Театралдык устакана" аталышындагы сахналаштырылган спектакль, "Таланттар күнү" темасында музыкалык аспаптардын мастер-классы болот.