Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти Штайнмайер келет

Тараптар достук жана өнөктөштүк маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда.
Мамлекет башчылар кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат. Ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу баарлашары айтылды.
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек