Энергетика министринин орун басары, "Кыргыз көмүрдүн" коммерциялык директору кармалды

Борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. УКМК энергетика министринин М.Ж. аттуу орун басары менен "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын А.С. аттуу коммерциялык директорун кармаганын кабарлады.
Атайын комитет Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы "Кыргыз көмүр" ишканасынын, "Ысык-Көл кемечилиги" жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пунктунун филиалдарынын кызмат адамдарына карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге жеткирилчү суммасы миллиондорду чапчыган көмүрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
Анын жүрүшүндө 2021-2023-жылдар аралыгында Кара-Кече кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаа менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган "көмүр мафиясынын" мүчөлөрү 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдук көмүр уурдаганы аныкталган.
"Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары уланып жатканын кошумчалады.
Салык кызматы: Кара-Сууда 51 тонна майды мыйзамсыз сактагандар аныкталды