Радио

Сочиде КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму өттү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев форум катышуучуларын "Россиялык жаштар" (Росмолодёжь) жогорку деңгээлде күтүп алганын айтты.
Sputnik
7-9-июнь күндөрү Сочиде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экинчи жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган форумга Кыргызстандан 10 делегат барган.

"Соңку 10 күндөн бери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн өзгөчө күн болуп жатат. 7-9-июнь күндөрү Сочиде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экинчи жаштар форуму өтүп, ага Кыргызстандан 10 өкүл барды. Жаштардын арасынан ишкерлик менен алектенген кыз-жигиттер конкурстук негизде тандалды. Форумдун жүрүшүндө экономикалык абалды жогорулатуу максатында сүйлөшүүлөр жүрдү. Биздин жаштар да башка өлкөлөрдөн барган өкүлдөр менен бизнес-идеяларынан бөлүшүп, алдыда кызматташууга пландарды түзүштү", — деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле форумдун катышуучулары Сочи шаарында жаштар үчүн жасалып жаткан иштер менен таанышып чыккандыгын кошумчалады.