Блинкен: АКШ Тайвандын көз карандысыз болушун колдобойт

Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Вашингтон Тайвандын көз карандысыз болуусун колдобойт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукканда билдиргенин РИА новости жазды.
Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттары жаңы кансыз согушка умтулбайт жана Кытайдын системасын өзгөрткүсү келбейт.
"АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобойт жана Кытай менен чатакташуу ниети жок", — деди америкалык лидер.
Си Цзиньпин эки мамлекет мамиледеги кыйынчылыктарды жеңет деп үмүт артарын, ири державалардын атаандаштыгы азыркы замандын агымына шайкеш келбей турганын белгиледи.
"АКШ менен Кытайдын тил табышып иштешип кетишинен адамзаттын келечеги жана тагдыры көз каранды", — деди Кытай лидери.
Блинкендин сапары — бул америкалык мамлекеттик катчынын беш жылдан берки Кытайга барган биринчи учуру. Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.
Эске салсак, Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен.
Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти Штайнмайер келет