ЖМК АКШ мамкатчысынын Кытай сапарындагы башкы интригасын ачыктады

Блинкен Кытайга акыркы беш жылдан бери биринчи ирет барды. Бул эки өлкөнүн суук селки мамилесинин учурунда болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга жасаган сапарында аталган державанын башчысы Си Цзиньпин менен жолугуу каралган эмес. РИА Новости бул маалыматты Мамлекеттик департаменттин графигине таянып жарыялады.
Буга чейин CBS News телеканалы аталган маселе боюнча акыркы келишим жок болгондугуна карабастан Пекинде Блинкен менен Синин ыктымал болгон жолугушуусуна даярдыктар көрүлгөн. Бул мамлекеттик катчынын сапарындагы башкы интрига катары кала берери жана аткаминердин сапарынын "ийгилиги" экени айтылды.
Сүйлөшүүгө даярдык көрүлгөн фактыны расмий түрдө Вашингтон да, Пекин да тастыктаган жок.
Расписаниеде дүйшөмбү күнү Блинкендин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугары белгиленген. Андан сырткары, алмашуу программасын аяктагандардын тегерек столуна катышып, Кытайдагы АКШ миссиясынын кызматкерлери, үй-бүлөсү, америкалык бизнес-лидерлер менен жолугары жазылган.
Блинкен Кытайга акыркы беш жылдан бери биринчи ирет барды. Бул эки өлкөнүн суук селки мамилесинин учурунда болду. Алаканын солгундашына Тайвандагы кырдаал, Кытайдын аэростатын АКШнын атып түшүрүшү, андан сырткары, соода жана технология жаатындагы пикир келишпестиктер себеп болууда.
ЖМК: Пекин Байдендин Си Цзиньпин менен сүйлөшүү далалатын колдогон жок