Романстарды аткарган жаш ырчылардын сынагы Бишкекте өтөт. Убактысы

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Борбор калаада жаш аткаруучулар арасында "Орто Азия романсиадасы" аттуу VII эл аралык конкурс өтөт. Бул туурасында Русский дом билдирди.
Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгармачылык жогорку окуу жайлардын студенттери, адистештирилген орто окуу мекемелеринде жана музыкалык мектептерде окугандар жана орус романстарынын ышкыбоздору катышат.
Финалга чыккандар декабрда Москва шаарында болчу "Романсиада — 2023" аттуу сынакка барат. Сынакка 6дан 35 жашка чейинкилер бекер катыша алат. Конкурска катышуунун жол-жобосун бул https://disk.yandex.ru/d/-dq5NcxG59qjTA шилтемеден кеңири окуп алууга болот.
Конкурсту Бишкектеги Русский дом, "Чет жердеги орус мурасы" фондунун колдоосу менен "Романсиада" кайрымдуулук фонду жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры уюштуруп жатат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу — иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү.
Кыргызстанга эпосторду мыкты айткандар чогулду. Видео