Өкүл ата институтунун тарыхы кандай? Этнограф Кайыповдун маеги

Кыргыздын салтында жаңыдан түтүн булаткан эки жашка уулдун ата-энеси эл арасынан ылайыктап өкүл ата шайлап беришкен. Өкүл атанын да өз жолу, милдети бар. Бирок аны бүгүн өз орду менен пайдалана албай жаткандайбыз. Дегеле өкүл ата түшүнүгү кайдан келип чыкканы кызык.
Sputnik
Sputniк Кыргызстан агенттигинде фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов болду. Биз кыргыздагы өкүл ата, өкүл эненин орду, ал сөз каяктан келгени жана анын тарых-таржымалы тууралуу сүйлөштүк.
— Кыргызда өкүл ата, өкүл эне институту бар эмеспи. Анын тарыхына токтолсоңуз...
— Кыргыздын байыркы салтында өкүл ата, өкүл эне деген болгон эмес. Өкүл — деген арабча “экил” деген сөздөн келип чыккан жана ал “ордуна” дегенди билдирет. Мисалы, бирөөнүн ордуна бирөө “экил” же “векил” болуп барат жана анын ордуна сүйлөйт. Дүйнөдөгү тилдердин баары аралашат. Эч күтпөгөн жерден башка бир элдин сөзү тилиңе кирип калышы ыктымал.
Алгач кыз тарабынан жана бала тарабынан эки өкүл шайланып келип, алар эки жаштын жашын, тегин, берилүүчү калыңдан бери талдап, анан жыйынтык чыгарышкан. Бул экөө ачык-айкын айтыша беришет. Себеби той болгондон кийин өкүлчүлүк вазыйпасын аткарып бүтүп, өз алдынча кете турган адамдар болгон. Ал эми кудалар сый кишилер. Бирок адамдардын эсинде “өкүл баланча болгон” деп айтылып калчу. Бара-бара кыздын атасы менен баланын атасынын ордуна шайланып кудалыкты сүйлөшкөн эки кишини “өкүл ата” деп атап койгон. Кыргыздар ар кандай нерсени алып, аны өз тажырыйбасы менен байытып, ага жаңы маани жүктөп коомубузга, турмушубузга абдан кереги тие турган деңгээлге жеткирип колдонуп алабыз. Бул керемет нерсе. Исламды да өз салтыбызга ылайыктап, бирок динге каршы келбегендей кылып колдонгонбуз. Кыргыз эки жаштын баш кошуусунда роль ойногон кишини унуткарып койгон эмес. Ошону менен жүрүп отуруп “тойдон кийин да жаштарга жол көрсөтүп турсун” деп уул-келинге өкүл ата, өкүл апа шайлап беришкен. Бул түшүнүк көбүнчө кыз жагына ооп пайдаланыла баштайт. Жаш үй-бүлөдө жаралган ар кандай маселеге өкүл ата менен өкүл апа сөзсүз түрдө кийлигише алат. Кайын журт тараптан нааразычылыктар болсо өкүл апа келип, келинге акыл-насаатын айтып, сылык-сыпаа жол көрсөтүп берет. Ушинтип анан кыргыз үй-бүлөсүн сактоонун, бекем кармоонун белгиси катары өкүл ата институту калыптанат. Үй-бүлөгө байланышкан “өкүл ата” түшүнүгү накта кыргызга гана таандык экени туура. Бирок мунун келип чыгуу тарыхы башка жакта жатпайбы. Негизи, “үй-бүлө — бул аял менен эркектин бири-бирине болгон сүйүүсүнөн курулган союз” деген аныктама бар. Бирок бул аныктама кыргыз үй-бүлөсүн толук камтыбайт. Себеби үй-бүлө куруу эки кишинин жеке иши болгон эмес. Ал коомдук маселе катары каралган. Үйлөнүү маселесин коом кандай чечсе, ажырашууну да коом чечкен. Коомдук маселе болуудан калган күнү үй-бүлө тез ыдырап, ажырашуулар көбөйө баштайт. Мунун баары жазылбаган мыйзам. Анткени салт менен башкарылган элбиз.
Катардын шейхи кыргыз маданиятына кызыгып кетти. Маек
— Кыргыз көчмөн калк болгондуктан ошол журтта келиндин маңдайынан сылай турган адам болсун деп “өкүл ата” шайланары да айтылат...
— Мурда куда болгон эки тараптын калың, сеп, керек болсо махр берүүгө шарты кандай экенин шайланган өкүлдөр тактап, бычып койгон. Негизи турмушка чыкканда жаңы журтка көнүп кетүү кыйын. Өкүлдөр ошондуктан кыздын кайын журттагы төркүнү катары кызмат аткарышкан. Азыр өкүл аталар жаш жубайларга бирдей эле мамиле жасап калды. Кийинки учурда бул да саясатташып, керек болсо бала тарапка жакын болуп баратат. Анткени жаңыча “өкүл бала” деген түшүнүк калыптанып, бирөө кызматка барса өкүл баласын да бир жерге жайгаштырат. Мыкты кызматы бар, мыкчыгердин өкүл баласынын да келечеги кең экенин түшүнүп калдык. Турмуш ушундай өзгөрүп баратат. Мурда жердештик болсо, бүгүн коомдук мамилелердеги коррупциянын жүзү катары “өкүл ата – өкүл бала” институту калыпташып алды.
— Азыр ажырашуулардын саны абдан өсүп жатат. Бул — кичине мамлекет үчүн катастрофа. Өкүл ата-өкүл апа институтун соодага айлантпай, үй-бүлөнү сактоодо кантип пайдаланса болот?
— Абдан туура. Кийинки кезде жекечилик же индивидуализм деген нерсе биздин коомдук турмушка кирип келди. Ал эмес “чай куйбайм, келин болбойм” деген келжиреген сөздөр айтылып жатат. Ушуну аттуу-баштуу эле эжелерибиз колдоп чыкты. Кечирип койгула, бирок адамдар бири-бирине кызмат кылып, алкоо алмайын кандай коом болот. Бири-биринен ыраазычылык алып рахматын угуп тургандар гана жамаат боло алат. Жолдошун тапкан ата-энесине чай берип, алардын жылтыраган көзүндөгү ыраазычылыкты сезгиси келбеген кандай адам. Бүгүн Европа мындай түшүнүктөн кутула албай элди жакындаштыруу саясатын жасоого киришти. “Кошуначылык” деген түшүнүктү киргизип жатышат. Биз болсо, тескерисинче, бекинип, жекеликке өтүүгө аракет жасап жатабыз. Коомдун өзөгүн жеке киши түзөрүн жана анын каалоосу баарынан маңыздуу экенин жактагандар чыкты. Бизде андай эмес да. Коомдун өзөгүн топ түзөт. Эң кичине топ — бул үй-бүлө. Баары үй-бүлөдөн башталат. Мисалы, менин он балам бар болсо жана үйдө жалгыз иштесем. Менин маянам бардыгыбыздыкы да, же жалгыз меники болобу? Мергенчилер да шыралга менен бүтүндөй айылды баккан. Ушундай баалуулуктарды жоготуп жиберип, “жеке тандоом, эмнени тандасам ошону кылам” деп эч ким менен эсептешпеген илдеттен улам ажырашуулар да көбөйүп жатат. Аял менен эркектин физиологиясы эки башка болгонуна жараша турмуштагы милдеттери менен жоопкерчилиги бөлүштүрүлүп берилген. Тең укуктуулук деген ураан менен бүгүн аялдар эркектин ишин да кошо талашып чыгууда. Чатактын баары ушул жерден башталды. Кыргыз аялдын, баланын, кыздын, эркектин өз ордун так бөлүштүрүп койгон. Бирок аны чанып жатабыз. Ажырашууга Батыштын индивидуализм саясаты менен “мен” деген өзүмчүлдүк түшүнүгү түрткү берип жатат. Ар кимибиз жашоодо милдетибизди, вазипабызды так аткарганда жашоо уланат. Жолдошунун сөзү менен эсептешип, жубайлар бири-биринин каалоосун сыйлабай өзүнүкүн гана айта берсе болбойт. Эки киши ымалашып, чарба бөлүштүрүп, анан үй-бүлөнү бекемдейт. Ал эми өкүл атанын милдети да ошол жубайларга жакшы жагынан өрнөк болуп ынтымагын арттыруу.
Фольклорчу-этнограф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов
— Азыр бир адамдын 30-40 өкүл баласы болуп жана аларды кызматына, деңгээлине жараша 2-3 топко бөлүп катышуу кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Ошондой эле достор арасында да бир-эки жаш улуусу жакшы кызматка барса же жакшы жашаса аны өкүл ата коюп алуу кездешип жатат. Бул нерсе каякка алып барат?
— Жакшы жакка алып барбайт. Өкүл баласы өтө эле көп кишилер бар. Андан пайдалангандар да бар окшойт. Мен жетимиштен ашсам да эки эле өкүл балам бар. Аларга колумдан келишинче жол көрсөтөм. Бирок өкүл балдарынын жардамы менен тамыр жаюуну каалаган адамдарды жактабайм. Айрымдар суранып өкүл ата болушат экен. Өкүл аталыктан баш тарткан да учурум болгон, себеби жумушум менен сыртка көп кетип калам. Анткени анын да милдетин татыктуу аткаруу керек. Өкүл ата болуунун мааниси азыр тамыр жайып, бир ишти баштаарда тирек, колдоо табуу менен чектелип калыптыр. Көбүнчөсү жетекчисин шайлап алат.
Кыргыздын турмушунда философия бар. Достук боюнча эле том-том китеп жазса болот. Катыш, коммуникация укмуш жолго коюлган. Биздеги аш-тойлордун, конок тосуунун да өз жол-жобосу, мааниси бар. Ушулардын баары мол тажырыйба. Бул кийин керек болот. Заман өзгөрүп отуруп кайталана берет. Тарыхтын өзү спираль өңдүү кайталануулардан турат. Ошол себептен турмуштук тажрыйбаларды, каада-салттардын механизмдерин жаңыртып пайдалана беребиз. Кудайга шүгүр, ал жагынан тажрыйбабыз бай. Өкүл ата институту да азыркы коррупцияга пайдаланган жагдайдан кутулуп, мурунку вазипасына кайтып келсе үй-бүлөлөрдүн бекемделишине чоң салымын кошо берет.
Радио
Устат тутуш керек. Дастанчылык өнөрдүн уникалдуулугу эмнеде