Зайтун майы пайдалуубу же күн карама майыбы? Эндокринологдун жообу

Эки майдын тең кемчиликтери да, артыкчылыктары дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кадимки күн карама майы пайдалуубу же зайтун майынын артыкчылыгы көппү деген суроого көптөгөн кожойкелер жооп издеп келет. "Доктор Питер" басылмасына эндокринолог Зухра Павлова маек берип, майдын бул эки түрү тууралуу тең маалымат берди.
Адистин айтымында, эки майдын тең кемчиликтери да, артыкчылыктары дагы бар. Мисалы, зайтун майы организмге абдан бат жана жакшы сиңет. Бирок аз-аздан колдонуу керек, ого эле көп пайдаланса адамдар бат карып кетүү коркунучуна кептелет. Анткени курамында ден соолукка анча пайдасыз заттар бар.
Күн карама майы — башка майларга салыштырмалуу жаштыкка, сулуулукка жана аялдардын репродуктивдүү системасын жакшыртып турган Е витаминине бай. Бирок тамакты кууруп жаткан учурда күйүп кете турган болсо тетири таасирин берип, ар кандай айыккыс дарттарды пайда кылышы мүмкүн.
Андыктан адис майдын кандай түрү болбосун кылдаттык менен тамак даярдоодо шарттарын бузбай пайдаланууну сунуштайт.
Министрлик тузду ашыкча колдонуунун негизги үч зыянын атады