Бишкектеги Чүй проспектисинин борбордук бөлүгү жабылды. Себеби

Бишкектеги борбордук аянтта бий сынагы өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бүгүн саат 16:00дөн баштап 23:00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Анда айтылгандай, буга "Ала-Тоо" аянтында Fusion Concept аталышындагы заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турунун өтүшү себеп болду.
Мэрия аталган чемпионат беделдүү бий сынактарынын бири экендигин белгиледи.
"Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижге Кыргызстандын атынан барат. Ага сегиз өлкө катышат", – деп айтылат маалыматта.
Шаар бийлиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурап, маршрутту алдын ала пландаштырып алууну эскертти.
Эмне үчүн Бишкектин көчөлөрүндө суу түтүктөрү жарылууда