Астанада банк кызматкерлерин барымтага алган киши кармалды. Видео

Банкка куралчан адам кирип, эшигин бекитип алган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Астанадагы Kaspi bank банкынын имаратында белгисиз киши барымтага алган кызматкерлердин баары бошотулду. Казакстандын полициясы кылмышкер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийин атайын кызмат имаратка кирип барып аны кармады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Банк кызматкерлери Тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Кылмышкер банкка кирип эшигин бекитип алган, анда курал болушу мүмкүн деп болжолдонгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 30 жаштагы Европа түспөлүндөгү адам.
“Эгерде үч сааттын ичинде талаптары аткарылбаса барымтадагылардын бирин өлтүрөрүн айткан", - деп жазды редакция.
Такталбаган маалыматтар боюнча, ал Kaspi Bank банкынын бардык активдерин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жакыр үй-бүлөлөрдүн фондуна которууну талап кылган.
Сузакта акча алмаштырабыз деп 2,7 млн. сомду карактап кеткендер кармалды