БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барды. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасы Кытайдын The Paper маалымат порталына таянып жазды.
Билдирмеде америкалык дипломат Кытайда эки күн болору маалымдалган.
Буга чейин Мамлекеттик департаменттин башчысы Кытайда 2018-жылдын октябрь айында болгон. Ал жакынкы сааттарда Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолугушат.
Мурдараак Блинкен Вашингтон Индия жана Тынч океан аймагындагы катышын кеңейтип, Пекинге каршы турарын билдирген. Бирок Конргесстеги угуунун жүрүшүндө АКШнын Кытай менен жаңжалдашуу же кансыз согуш баштоо ниети жок экендигин айткан.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби Кошмо Штаттар Кытай менен байланыш каналдарын кеңейтүүгө, анын ичинде аскердик жааттагы байланыштарын калыбына келтирүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Sputnik Ближнее зарубежье Блинкен Байдендин администрациясынан Кытайга барган алгачкы аткаминер экендигин жазды. Бирок аны килем салбай күтүп алышканын да кошумчалашты.