Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШнын Конгрессинде Киевге берилчү жардамды кыскартуу сунушталууда

Республикачылар каражатты аскердик даярдык менен техникалык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, ошондой элежаңы технологияларды изилдөөгө багыттоо зарылдыгына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШнын республикалык партиясынын өкүлдөрү Пентагон Украина үчүн ракета жасоого сарптай турган каражатты 2,5 миллиард долларга чейин кыскартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Politico документке шилтеме берип жазды. Ал эми тексттин котормосун "ИноСМИ" жарыялады.
Басылма Пентагон Киевди ракета менен камсыздап, Пекин менен жаңжалга даярдык көргөнү жатса америкалык мыйзам чыгаруучулар курал-жаракка кеткен чыгымды кыскартууну көздөп жатканын белгилеген.
Республикачылар каражатты аскердик даярдык менен техникалык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, ошондой эле жаңы технологияларды изилдөөгө багыттоону сунуштоодо.
Россия өткөн жазда эле Украинага курал жөнөткөндүгү үчүн НАТО мамлекеттерине нота жиберген. Москва Киев үчүн берилген куралдуу жүктөрдүн бардыгы россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасы болорун эскертип келет.
ТИМ башчысы Сергей Лавров АКШ менен НАТО курал жеткирип гана чектелбестен кадрларды Улуу Британия, Германия, Италия жана башка мамлекеттердин аймагында даярдап, конфликтиге катышып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Африка өлкөлөрүнүн Украина боюнча тынчтык демилгесин Кремль кандай кабыл алды?