БИШКЕК, 18-июнь. — Sputnik. 19-июнь, дүйшөмбүдө, күндүз Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын кээ бир аймактарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +28...33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +23...+28 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +34...+36, Ош шаарында +36...+38 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада өткүн өтүп +26...+28 градус болору болжолдонду.