Садыр Жапаров Таластан чыгып Жалал-Абадга барды. Сүрөт

Бүгүн эртең менен Таласка барган президенттин иш сапары Жалал-Абад облусунда уланды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы "Караван" аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы "Караван" аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты

2 / 4

Аэропорттун 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтилип жатат

3 / 4

Бишкек – Кербен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу 2007-жылы токтотулган

4 / 4

Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.

Бүгүн эртең менен Таласка барган президенттин иш сапары Жалал-Абад облусунда уланды.
Аэропорттун 1972-жылы пайдаланууга берилген учуу-конуу тилкеси кеңейтилип жатат. Бишкек – Кербен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу 2007-жылы токтотулган.
Учурда модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда.
Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.
Садыр Жапаров Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты. Сүрөт