Салык кызматы: Кара-Сууда 51 тонна майды мыйзамсыз сактагандар аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда май куюучу жайда 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактаган учур аныкталды. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.
Ал жердин аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактылары табылган.
Дизель майын ташыган жүк ташуучу автоунаадагы пломбаларды өз алдынча алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон көзөмөл пломбалардын бузуу учурлары кездешкен. Күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эместигин айтышты.
"Жалпы көлөмү 51 миң 893 литр күйүүчү май табылып, алынды. Анын ичинен автоунаанын резервуарында жети миң литр, май куюучу жайлардагы цистернада (пломбалары жулуп алынган) 32 миң 838 литр жана көзөмөлдүк пломбалары жок өзүнчө цистернада 12 миң 55 литр болгон", — деп билдиришти салыкчылар.
Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага берилерин айтышты.
Мындан бир ай мурда УКМК салыкчылардын өздөрүн Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган деп кармаган.
Июлда бензиндин дагы үч сомго кымбаттаарын айтышты