Эмне үчүн Бишкектин көчөлөрүндө суу түтүктөрү жарылууда

Жылытуу системалары менен байланышкан жолдордо авариялык абалды байкасаңыз тиешелүү кызматтарга кабар бериңиз.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. - Sputnik. Акыркы күндөрү Бишкектин жашоочулары социалдык тармактарга көчөлөрдөгү суу түтүктөрү жарылып кеткен видеолорду жарыялоодо.
22-майда “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы шаардагы жылуулук системаларын сыноодон улам түтүктөр жарылып, жолдорду суу каптап, ал тургай асфальттын бузулушу мүмкүн экенин эскерткен.
Жылытуу системалары менен байланышкан жолдордо авариялык абалды байкасаңыз төмөнкү номерлерге чалыңыз:
(0312) 56-85-58 – "Бишкек жылуулук тармактарынын" диспетчердик кызматы;
(0312) 61-11-69 – “Бишкек жылуулук тармактарынын” керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
(0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 – ишкананын телефондору.
Ала-Арча капчыгайына алып барган жол оңдолууда