Байдендин курал боюнча саммиттеги сөзү элди кайрадан таң калтырды. Видео

АКШнын президенти Жозеф Байден Коннектикут штатындагы куралдардын коопсуздугу боюнча саммитте катышуучулар менен башкача коштошкон.
Sputnik
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга бирге сүрөткө түшүүнү сунуштап, ал жердегилер үчүн күтүүсүз сөздү сүйлөп жиберген. Байден "о, кудай, канышаны сакта" деген. Бул учур YouTube каналына чыккан.
Мамлекеттин башчысынын бул сөзүнүн төркүнү видеону көргөндөр менен ошол жерде жүргөндөр үчүн түшүнүксүз болуп кала берди.
Эске салсак, Байден АКШнын эң улгайган президенти, учурда 81 жашта. Анын ыңгайсыздык жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурлары акыркы мезгилде арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.