Ала-Арча капчыгайына алып барган жол оңдолууда

Жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы алты метр, тротуар 2 метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жакында эс алуучулар Ала-Арча капчыгайына бара жаткан жолдо узун тыгында турбай калышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдап, жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.
1 / 3

Жакында эс алуучулар Ала-Арча капчыгайына бара жаткан жолдо узун тыгында турбай калышат

2 / 3

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жарандар, туристтер жолдо ыңгайлуу жүрүшү үчүн иш алып барууда

3 / 3

Ишкана тараптан жолдун эки тарабына лотоктор орнотулду

"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жарандар, туристтер жолдо ыңгайлуу жүрүшү үчүн иш алып барууда. Ишкана тараптан жолдун эки тарабына лотоктор орнотулду. Бүгүнкү күндө жол жана тротуарды даярдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метр, тротуар 2 метрди түзөт. Ошондой эле эки жерге шлагбаум орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле анда Орок айылындагы Ала-Арча капчыгайына кеткен жол да оңдолгондугу кошумчаланган.
"Урматтуу эс алуучулар, жакында сиз табиятта гана эмес, жолдо да эс ала аласыз", — деди мэриядан.
Радио
Ысыкта жүк ташыган унааларга киргизилген чектөөнүн чоо-жайы