Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери быйылкы туристтик сезондо күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, эс алуучулардын коопсуздугуна көз салышат. Бул тууралуу Канатбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун жана республиканын башка туристтик аймактарында коомдук тартипти бузгандарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүрүп, жардам көрсөтүлөт.
"Быйылкы туристтик сезондо чет өлкөдөн келе турчу эс алуучулардын саны көп болору айтылып жатат. Ага байланыштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери быйылкы туристтик сезондо күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлгө алат. Алсак, Чүй облусу боюнча 214 кызматкер тартылып, 77 унаа берилди. Ысык-Көл облусу боюнча 57 кызматкер 28 машина менен тартипти көзөмөлдөйт. Туристтер менен диалогго баруу, керектүү жардам көрсөтүү багытында окутуулар да жүрдү. Быйыл коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо планы иштелип чыгып, 15-майдан тарта аткарылып жатат", — деди Кубатбеков.
Ошондой эле адис ЖКККББ кызматкерлери чек ара, аэропорт, бекеттерде да активдүү иш алып барып, туристтерге жардам көрсөтөрүн кошумчалады.